Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Пекинде сүйлөшүүлөр башталды


9-ноябрда Пекинде Түндүк Кореянын атомдук программасына байланыштуу алты тараптуу сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы башталды. Сүйлөшүүгө катышып жаткан Кытай, Орусия, АКШ, Жапония, Түштүк жана Түндүк Кореянын өкүлдөрү сентябрь айында жетишилген макулдашууларды сактап калууга аракеттенмекчи. Бул тууралуу Кытайдын өкүлү Ву Давей буларды билдирди:

- Бешинчи айлампанын башкы принциби - берилген сөздөр жана убадалар аткарылыш керек. Биздин аткара турган маселе макулдашууга жетишип, аны кандайча турмушка ашыруунун жолун табуу.

Сентябрдагы сүйлөшүүлөрдө Түндүк Корея энергетикалык жардам жана коопсуздук кепилдиги берилсе, атомдук программасын токтотууга убада берген. Бирок көп өтпөй Пхеньяндын тынчтык максат үчүн атомдук реактор талап кылган. Бирок Жапония жана АКШ аны четке каккан.

XS
SM
MD
LG