Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:29

Европа Македония менен Түркияны кубантты


Европа Биримдиги Түркия, Хорватия, Босния, Македония, Албания жана Сербия-Черногория боюнча отчетун жарыялады. Анда Түркияга “базар экономикалуу мамлекет” макамы берилди. Ал эми Македонияны Биримдикке мүчөлүккө талапкер катары кабыл алуу сунушталды. Анкара Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүнү мындан бир ай мурунураак баштаган эле. Хорватия Биримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бирок аскерий кылмышкерлерди трибуналга берүү боюнча Биримдик менен жеткиликтүү кызматташпаса, анда ал сүйлөшүү үзгүлтүккө учураары отчетто белгиленген.

XS
SM
MD
LG