Азербайжан оппозициясы 9-ноябрда миңдеген тарапкерлерин Бакунун көчөсүнө алып чыкты. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгууну, президент Илхам Алиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Оппозиция нааразылык акциясын мөөнөтсүз деп жарыялашы ыктымалдыгы кабарланууда. Азербайжандын шайлоо комиссиясы кээ бир округдарда шайлоонун жыйынтыгы кайра каралаарын билдирген. Өткөн жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Йени Азербайжан” партиясы жеңишке жеткен.