Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Жорж Буш Далай Лама менен баарлашты


АКШнын президенти Тибеттин сүргүндөгү руханий жол башчысы менен Вашингтондо - Ак үйдө жолугушту. Далай Ламанын жардамчылары мунун алдында анын Бушту ушул айдын соңунда Бейжинге барганда Кытайдын президенти Ху Жинтауну "Тибетке нагыз автономия бер" деп көндүрүүгө чакыраарын билдиришкен. Буштун Далай Лама менен буга чейинки жолугушуулары Кытайдын катуу нааразылыгын пайда кылган.

Далай Лама 1959-жылы кытайлык аскерлерден качып чыккан бойдон Индияда жашайт. Бейжин Тибетке 1965-жылы автономия берген, бирок Далай Лама Тибет нагыз автономияга ээ эмес деп айтып келет.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG