Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Иорданда 50дөн ашык киши курман болду


Иордандын баш калаасы - Амман шаарындагы үч мейманкана – «Грант Хиат», «Радиссон САС» жана «Дейс Инн» мейманканалары ушул түнү биринин артынан бири жардырылды. Иордандын вице-премьери Марван Муашер кеминде 57 кишинин өмүрү кыйылып, 100дөн ашык кишинин жарадар экендигин билдирди. Аталган мейманканаларда көбүнесе чет элдиктер токтогону менен, курмандыктардын көбү жергиликтүү атуулдар экендиги болжолдонууда. «Радиссондогу» жардыруу 300 чакты киши катышкан үйлөнүү тоюнунун мезгилинде болду. Жардырууларды жанкечтилер жасады деп шектелүүдө. Полиция элчиликтерди жана мейманканаларды курчоого алып турат. «Ал-Жазеера» сыналгысы Йордандын чек аралары жабылгандыгын билдирүүдө. Падыша Абдулла жардырууларды "террордук чабуул" деп мүнөздөдү. Кошмо Штаттары иликтөө ишине жардамын сунуш этти.

XS
SM
MD
LG