Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 11-ноябрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Республика боюнча абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1 градус сууктан +4 градуска чейин жылуу, күндүз +6...+11 градус. Ысыккөл аймагында түнкүсүн -4 градус суук болот, күндүз +3...+8 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +4...+9 градус. Баткен, Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12 градус жылуу. Ал эми тоолуу Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -2ден...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз +3...+8 градус жылуу.

Ордо калаа Бишкекте жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: түнкүсүн +1...+3, күндүз +8...+10 градус жылуу.

Кабарлар топтомун Аманбек Жапаров, Бурулкан Сарыгулова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG