БИШКЕК. 10-ноябрда эл аралык жаштар күнү Бишкекте да белгиленди. Бул күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында премьер-министр Феликс Кулов жаштардын жыйынына катышып, өлкөдөгү оор кырдаалдан чыгууга жаштардын көмөгү зор экендигин, өкмөт тарабынан жаштарга ар тараптуу жардам берилерин белгиледи. Илим-билим, спорт, маданият, адабият тармагында жетишкен ийгиликтери үчүн бир даарына Жаштардын мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды.
Ал эми президент Курманбек Бакиев шаршембиде эл аралык жаштардын күнүнө карата Кыргызстан жаштарына куттуктоо жолдоп, анда жаштардын абалын жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясатты активдештирүү максатында атайын мыйзам кабыл алынганын, “2010-жылга чейин Кыргызстандагы жаштарды өнүктүрүү багытында “Жаштык” улуттук программасы иштеп жатканын белгилеген. Бакиев куттуктоосунда жаштарды Атамекенин сүйүүгө, коомдук турмушка жигердүү катышууга үндөгөн.