Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Мамлекеттик тилди сактап калуу боюнча элдик курултай өттү


БИШКЕК. 10-ноябрда Бишкекте мамлекеттик тилди сактап калуу боюнча элдик курултай өттү. Анда өлкөнүн мекенчил күчтөрүнүн аракетин бириктирүү, Конституциянын 5-беренесиндеги орус тили расмий тил болуп саналат деген макамды алып салуу жана кыргыз тилин мамлекеттик башкаруу жаатындагы ролун күчөтүү маселелери каралды. Жыйынга окумуштуулар, саясий жана коомдук ишмерлер баш болгон 200дөн ашуун адам катышты. Элдик курултай “Улуу биримдик” улутчул-демократиялык партиясы, “Ашар” кыймылы, “Асаба” партиясы, “Улут ордо” улуттук кайра жаралуу коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG