БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жакын арада Кыргызстандын түштүк аймагына иш сапары менен барышы күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун кабарчысына маалымдаган президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыковдун билдиргенине караганда, сапардын алкагында президент Аксы районунун калкы менен жолугушуусу да күтүлүүдө. Буга чейин аксылыктар Курманбек Бакиев менен жолугушууну талап кылып, бир нече ирет митингдерди өткөрүшкөн. Митингдерде алар жаңы бийликке бир катар талаптарды коюшуп, алар аткарылбаса Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылаарын жарыялашкан. Мындай нааразылыктардын пайда болушуна Азимбек Бекназаровдун башкы прокурордук кызматынан четтетилиши негиз берген.
Бекназаров «Туратали» базарындагы окуяга байланыштуу кызматынан четтетилген. Учурда ал Аксы округу боюнча парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Бул округ Бекназаров башкы прокурордук кызматка которулгандыгына байланыштуу бошотулган.