Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:00

Барскоондуктар кайрадан жол тосушту


БИШКЕК. Барскоон кырсыгында жабыр тарткан беш айылдын тургундары Барскоон-Кумтөр жолун 10-ноябрда кайрадан тосушту. Бул тууралуу «Карек» бейөкмөт уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтымында, жол тосуу жергиликтүү калктын талаптары толук аткарылмайынча токтотулбайт.

Чоң Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Тосор айылдарынын тургундары ушул жылы 27-июлдан 3-августка чейин Барскоон-Кумтөр жолун тогуз талап менен тосушкан. Анын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Бирок Иманкожоеванын айтымында, алардын ичинен бир гана талап аткарылып, калганы ачык бойдон калды. Ал эми калк ириде 1998-жылкы Барскоон кырсыгындагы моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылып жатат. Бул кырсыкта «Кумтөр оперейтинг компани» ишканасына таандык автоунаа учураган кырсыкта 20 тонна цианид Ысыккөлгө куюлчу Барскоон суусуна төгүлгөн. Март окуясынан кийин буга байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын тыянагын жергиликтүү калк кайра кароону талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG