Франциянын ички иштер министри Никола Саркози өлкөдө орун алган баш-аламандыктарга катышкан чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн сыртка чыгаруу чечимин кабыл алды. Кармалгандар арасында 120 киши чет өлкөлүк экени аныкталууда. Өткөн түнү Тулуза шаарында полиция менен жаштардын кагылышуусу болуп өттү. Ал эми Париждин айланасында кырдаал жалпысынан жөнгөрүлүүдө. Шаршемби күнү Франциянын 38 шаарында коменданттык саат киргизилди.