Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Азербайжан оппозициясы кайра шайлоону талап кыла баштады


Азербайжандын оппозициялык партиялары 10-ноябрда жыйын куруп, эгерде парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылбаса, жалпы өлкө боюнча нааразылык акцияларын баштаарын билдиришти. Өткөн жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Йени Азербайжан” партиясы парламенттеги 125 орундун 63үн жеңип алганы кабарланган эле. Ал эми өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 10-ноябрдагы маалыматында аны үч орунга кыскартты. 9-ноябрда миңдеген тарапкерлерин көчөгө алып чыккан “Азадлыг” оппозициялык блогу 8 депутаттык орунга ээ болду. Эл аралык байкоочулар Азербайжандагы шайлоону сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG