Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Йорданиядагы жардырууга байланыштуу бир нече адам кармалды


Йорданиядагы жардырууларга байланыштуу өлкөнүн бийлиги чек араны жаап, бир нече адам кармалганын кабарлады. Ал эми “ал-Каида” террордук чабуулду уюштургандыгын интернет аркылуу билдирди. Амман шаарындагы «Хаят», «Редиссон» жана «Дейс Инн» мейманканаларында 9-ноябрда кечинде катары менен болгон жардыруулардан 57 киши өлүп, 90дон ашууну жаракат алган. Йорданиянын вице-премьер-министри Марван Муашер жардыруу тууралуу буларды айткан:

- Бизге көптөгөн өлкөлөрдөн жана йордандыктар бардык тараптан телефон чалып, колдоо көрсөтүп жатат. Бул мыкаачылык жана адамдыкка сыйбаган террордук акт. Бизде ага бардык күчүбүз менен каршы күрөшүүдөн башка арга жок.

Ал эми Йордания падышасы Абдалла Казакстанга сапарын кыскартып, мекенине кайтты.

XS
SM
MD
LG