Бул тууралуу кечээ маалым болду. Кабарларга караганда, Хатем ал-Хассани түндүктөгү Киркук шаарында козголоңчулардын тобун уюштурган деген шек саноо менен шейшемби күнү камакка алынган. Анын агасы, спикер Хажем ал-Хассаны 15-декабрда өтө турган шайлоого секулярдык тизме боюнча талапкер болуп катышат.