ОШ. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдирген ОшМУнун басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Керим Калыгулов 11-ноябрга карата 17 адам ырасмий түрдө талапкер катары катталгандыгын айтуу менен учурда ар бир факультеттен экиден-үчтөн талапкер көрсөтүлгөндүгүн кабарлады. Керим Калыгуловдун сөзүнө караганда, ректорлукка талапкерлер үгүт өнөктүгүн башташты. Билим берүү министрлигинин ОшМУнун ректорун шайлоо боюнча жобосуна ылайык, шайлоо күнү ушул жылдын 17-ноябрына дайындалган. Ректор шайлоо жобосунун негизинде, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын ар бир мүчөсү добуш берүүгө укуктуу болуп саналат.