БИШКЕК. Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан долбоор 15-ноябрда «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» жана «Эркин-тоо» гезиттерине жарыяланышы күтүлүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда Конституциялык кеңешменин төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Керимкулов билдирди. Долбоор элдин талкуусуна 25-декабрга чейин коюлат. Андан соң, элден түшкөн ой-пикирлерди долбоорго киргизүү үчүн Конституциялык кеңеш кайрадан чогулат. Баш мыйзамга негизинен мамлекеттик түзүлүш, президент, өкмөт жана парламенттин ыйгарым укуктары боюнча, сот, шайлоо системаларына байланыштуу өзгөртүүлөр менен толуктоолор сунушталууда.