БИШКЕК. 11-ноябрдан тарта Кыргызстандын аймагында бир катар бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар баш мыйзамга кыргыз тилин гана мамлекеттик тил катары киргизүү боюнча үгүт-түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты. Бул тууралуу ушул эле күнү «Эрайым» бейөкмөт уюмунун төрайымы Ракыя Жусупова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, «Ашар» кыймылы, «Бакдөөлөт» коомдук фонду, «Асаба» улуттук кайра жаралуу, «Улуу биримдик» улутчул партиясы жана башка коомдук уюмдар менен партиялар өлкөнүн бардык облус, райондорун кыдырып, кыргыз тилин гана мамлекеттик тил катары баш мыйзамга киргизүү зарыл, деген үгүт иштерин жүргүзүшөт. Коомчулукта ошондой эле орус тили Конституцияга расмий тил катары киргизилиши керек деген пикирлер да бар.