БИШКЕК. 15-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссия ишинин жыйынтыгын жарыялайт. Бул тууралуу 11-ноябрда комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди. Комиссия маркум депутаттын өлүмүнүн себептерин, кимдин аракеттери менен жасалгандыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Буга чейин парламенттик комиссияга Жаза өтөө башкармалыгынын кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана өкмөт башчы Феликс Кулов көрсөтмө берди. Комиссия мүчөлөрү ошондой эле депутат Тынычбек Акматбаев өтүрүлгөн №31 жаза өтөө жайында болуп, ал жердеги шарттар менен таанышышты. Бир нече ирет күч структураларынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, суроолоруна жооп алышты.
Маркум депутат Т. Акматбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынтыгы жарыяланат