Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Эл аралык базанын Кыргызстандын аймагына жайгашуусуна мамлекет башчы күнөөлүүбү?


БИШКЕК. Кыргызстандын улуттук аба майданындагы АКШ баш болгон антитеррордук күчтөрдүн аскерлеринин жаратылышка тийгизген терс таасирин иликтөө боюнча 2002-жылы түзүлгөн өкмөттүк комиссия ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиев тарабынан түзүлгөн. Ошондуктан аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча айыптоолорду учурдагы президент Курманбек Бакиевге айтуу жөндүү. Мындай пикирин ошол кездеги тышкы иштер министри Аскар Айтматов 11-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди:

- Ал мезгилде өкмөт башчы урматтуу Курманбек Салиевич Бакиев болгон. Ошондуктан мындай айыптоолорду ага айтыш керек.

«Манас» аба майданындагы аскердик базанын Кыргызстандын экологиясына тийгизген таасирин иликтөө боюнча 2002-жылы өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Анын курамына ошол кездеги тышкы иштер минстри Аскар Айтматов, коргоо министри Эсен Топоев жана башка өкмөт мүчөлөрү кирген. Көп өтпөй бул өкмөттүк комиссия эл аралык аскер базасы өлкөнүн экологиясына эч кандай терс таасирин тийгизбейт деген бүтүм чыгарган. Натыйжада аскердик базанын “Манас” аба майданында узак убакытка чейин калышына уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG