БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча беш адамга айып тагылып, төрт адам кармалды. Алардын бирөө коңшулаш өлкөлөрдө качып жүрөт. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, кармалган төрт адамдын ичинен Махмуд Рузиметов жана Сабыркул Батыровго «уюшуп адам өлтүргөн» деген айып коюлууда. Тергөө учурунда аталган эки адамдын үйүнөн автомат, 419 патрону менен пистолет табылган. Мындан сырткары дагы эки адам кармалган, бирок алар жашаган жеринен эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат жазып беришип, боштондукта жүрүшөт. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, Баяман Эркинбаевдин өлүмүндө саясий себеп жок экендиги жана тергөөнүн жүрүшүндө депутатты өлтүргөн адамдардын кылмыштуу дүйнөгө катышы бар экендиги далилденди.