Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Б. Эркинбаевдин бир тууганы эмне себептен өзүн-өзү өрттөдү?


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Баяман Эркинбаевдин туугандарынын өзүн өзү өрттөөгө баргандыгы депутаттын өлтүрүлүшү боюнча тергөө иштеринин жүргүзүлүшү боюнча туугандарына маалымат берилбей жаткандыгына байланыштуу болду. Курман болгондун туугандарынын тергөө иштерине кимдер тартылып жактандыгы, кимдер жоопкерчиликке тартылаары тууралуу билүүгө укуктары бар, - дейт депутат Исхак Масалиев. Ал эми айрым депутаттар болсо, Жогорку Кеңештин депутаттарын буйрутма өлтүрүүлөр боюнча тергөө иштери натыйжалуу жүргүзүлбөсө, мындай окуялар дагы кайталанышы мүмкүн деген пикирлерин айтышууда. Депутат Темир Сариев белгилегендей, мындай буйрутма өлтүрүүлөр боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштерин президент жеке көзөмөлүнө алышы керек.

XS
SM
MD
LG