ЖАЛАЛАБАТ. Баяман Эркинбаевдин жыйырмадан ашык туугандары менен Ноокен, Алабука, Ош аймактарынан келишкен отуздай адам 8-ноябрдан бери депутатты атып өлтүргөндөрдү таап жазалоону, анын камактагы шакирттерин бошотуп, Ош шаардык жана Ош облустук соттун судьяларын кызматтан кетирүүнү, менчиктерине кол тийгизбестен, буюртма киши өлтүрүүнү токтотууну талап кылышууда. Алар айткандай, ал талаптарды аткарууга коюлган үч күндүк мөөнөт бүттү жана талаптары аткарылбады. Бийлик тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулган жок. Ошол себептен Баяман Эркинбаевдин агасы Асан Эркинбаев өзүн-өзү өрттөп салды. Бир тууган Эркинбаевдер кең аянтта мындан кийин да арыз-арамандарына ылайык иш жасалбаса, боз үйдө отургандар толугу менен өмүрлөрүн кыйышарын жарыя кылышты. Облустук бийликтин билдирүүсүнө караганда, Асан Эркинбаевге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Бети, башы, колдору күйгөн.