“Ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмү шаршембиде Амманда болгон жардырууларды 4 ирактык, анын ичинде бир аял ишке ашырганын жарыялады. Интернетте жарыяланган билдирүүдө жанкечтиликке баш байлаган 3 эркектин бирин аялы коштоп барганы айтылат.
Иорданияда ал жардыруулардан каза тапкандардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Өлкөдөгү мечиттердин баарында Амманда шейит болгон 57 кишинин арбагына куран окулуп, бүгүн башкалаадагы тынч жүрүшкө миңдеген адамдар катышты. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Аммандагы кандуу окуяларды айыптады:
- Курман болгондордун көбү үйлөнүү тоюна катышып жаткан катардагы адамдар болду, жашоодогу тойду алааматка айландырган терроризмге актоо жок. Эч кандай идеология, же эч кандай себеп бейкүнөө адамдардын өлүмүн актай албайт.
Иорданиянын падышасы Абдалла күнөөлүүлөрдү таап, жазалоого сөз берди.