Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов бүгүн эки күндүк кызмат сапар менен Тегеранга келди. Ал Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад, тышкы иштер министри Манучер Мотаки жана башка жетекчилер менен жолугат. Батыш мамлекeттери Иранды өзөктүк курал өндүрүүгө ниеттенүүдө деп сынга алып келет, Маскөө болсо өлкөнүн өзөктүк программаларын ишке ашырууга жардам көрсөтүүдө.