Франциянын Париж жана башка шаарларында түнкү тополоңдор 16 күндөн бери уланууда. Түндө ар башка шаарларда аңтарылып өрттөлгөн машинелердин саны беш жүздөн ашты, полиция эки жүздөй адамды кармады. Аны менен катар кечээ күнү кечинде өлкөнүн түштүгүндөгү бир мечитке жарылууу зат ыргытылган жана аны уюштургандарды президент Жак Ширак бүгүн сынга алды. Тополоң жайылып кетпес үчүн Париждеги кээ бир жыйындарга бийлик убактылуу тыюу салды жана айрым саясатчылар ал кадамды сынга алууда.