БИШКЕК. Жалалабад облустук бийлигинин имаратынын алдында маркум Баяман Эркинбаевдин жакындары менен тарапкерлери нааразылык чарасын 12-ноябрда да улантты. Жалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалыматына караганда, бул күнү алар менен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жусуп Жээнбеков жолугушуп, боз үйдөгү күйүүчү майлар менен Баяман Эркинбаевдин 85 жаштагы энесин алып чыгып кетүүгө үндөдү. Бирок нааразылыкта тургандар ага көнгөн жок. Алар президент Курманбек Бакиевден жиберген кайрылууга жооп берүүнү талап кылышууда. Буга чейин президентке жиберген кайрылууда алар акыйкаттыкты күтө берип тажашкандыгын жана Эркинбаев менен анын жээнин өлтүргөндөрдү табууну, Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына чабуул жасаган адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан. Нааразылыкта тургандар талаптары аткарылбаса өздөрүн өрттөшөөрүн жарыялашкан. 11-ноябрда маркум Баяман Эркинбаевдин бир тууган агасы Асан Эркинбаев үстүнө күйүүчү май чачып, өзүн-өзү өрттөп жиберген. Учурда ал облустук оорукананын реанимация бөлүмүндо дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, абалы орточо.