НАРЫН. 13-ноябрда облустун Кочкор, Акталаа жана Атбашы райондук шайлоо комиссиялары 18-декабрда боло турган айыл өкмөт башчыларын шайлоого карата талапкерлерди көрсөтүү жыйынтыгын чыгаргандыгын облустук шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Сыдык Байтоков билдирди. Бул күнү Жумгал жана Нарын райондук шайлоо комиссиялардан акыркы маалыматтарды облустук шайлоо комиссиясы ала алган жок. Атбашы районунан кырк беш, Кочкордон кырк төрт жана Акталаадан отуз эки талапкер ат салышууга чыгышса, алардын арасынан Атбашыдан үч жана Кочкор менен Акталаада бирден талапкер айымдар болуп эсептелет. Аталган үч район боюнча баардыгы он эки талапкер партиялардан жылдырылса, алардын бешөө “Арнамыс”, дагы ушунча саны “Жаңы Кыргызстан” жана экөө “Менин өлкөм” партияларына туура келет. Кочкор районундагы Карасуу айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн тогуз талапкер көрсөтүлгөн.