БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен “Көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Пайзуллабек Рахманов ээлеген кызматынан бошотулду. Отун-энергетика тармагындагы абал менен таанышып чыккан премьер-министр Феликс Кулов кышка даярдыктын начардыгын белгилеп, аталган ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу сунушу менен президентке чыгаарын билдирген. Пайзуллабек Рахмановду бошотуу талабын айрым депутаттар да айтып келишкен. Президенттин дагы бир жардыгы менен мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директору Акылбек Жумабаев да ээлеген кызматынан бошотулду.