Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Рысбек Акматбаевдин соту улантылат


БИШКЕК. 14- ноябрда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Рысбек Акматбаев баштаган 9 адамдын үстүнөн сот жараяны улантылат. Аларга үч адамды өлтүрүп, бир адамдын өмүрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Киши колдуу болгон үч адамдын бири ИИМдин кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиев. 12-ноябрда Бишкек шаардык прокуратурага кылмыш дүйнөсүндө “авторитет” делинип жүргөн Рысбек Акматбаев чакырылып, аны тергөөчүлөр Аслан Бутешов менен кезиктиришти. Эскерте кетели, өкмөт башчы Феликс Куловдун мурдагы айдоочусу Аслан Бутешов 31-октябрда белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, аны өлтүрүүгө аракет жасашкан. Бутешовдун айтымында, ага ок такан адамдардын арасынан Рысбек Акматбаевди тааныган.

XS
SM
MD
LG