Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Баяман Эркинбаевдин туугандары БУУга жана эл аралык уюмдарга кат жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. Нааразылыкта турган Баяман Эркинбаевдин туугандары 13-ноябрда БУУга, адам укугун коргоочу эл аралык уюмдарга, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерине, эл аралык көз каранды эмес журналисттерге жана бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жиберишти. Кайрылууда айтылгандай, 8-ноябрдан бери облустук бийликтин маңдайында нааразылык билдирип турган Баяман Эркинбаевдин туугандарынын беш талабы аткарылган жок. Эркинбаевдин жакындарынан тартылып алынган Карасуу шаарындагы Тураталы базары боюнча бийлик жана укук коргоо органдары чара көрүшпөдү. “Алай” мейманканасына чабуул жасагандар жазаланбастан, аны коргогондор төрт жылдан он беш жылга түрмөгө кесилишти. Эркинбаевдерге байланыштуу окуяларга өлкөдө ар тараптуу, калыс текшерүүнүн ордуна бир тараптуу айыптоолор болууда. Ушундай мазмундагы кайрылуунун ээлери БУУ баш болгон уюмдардан Эркинбаевдин туугандарын коргоого алып, укуктарын сактоону, өлкөдөгү баш аламандыктар менен буйрутма киши өлтүрүүнү жана басып алууларды токтотууну өтүнүштү. Жогорудагы талаптар аткарылбаса маркум депутаттын бардык туугандары өрттөнүү менен өздөрүн өлтүрүү чечимине келгендигин билдиришти. Алар менен кошо Ноокен, Алабука, Ош аймактарынан келген адамдардын да нааразылык иш чарасы улантылды. Акция 14-ноябрда да болоорун маалымдалды.

XS
SM
MD
LG