Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Таласта мал ыландарына каршы эмдөө иштери начар


ТАЛАС. Талас облусунда мал ылаңдарына каршы эмдөөнү жандардыруу зарыл. Талас облустук администрациясы кабыл алган токтомдун негизги мазмуну ушундай. Анткени өткөн жылы өрөөндө беш жерде бруцеллез, эки жерде шарп, эки жерде күл ылаңы, бир жерде жылкынын кеңги ылаңы чыгып, эмдөө иштери сапаттуу бүткөрүлгөн эмес. Облустук ветеринария башкармалыгынын адистеринин маалыматына караганда, быйыл бруцеллезго чалдыккан мал көп. Натыйжада бул ооруну жуктуруп алган адамдардын катары да өсүп, он айда 215 адамга жетти. Кыргызстандын түштүгүндө адамдардын күйдүргү илдетине чалдыгышы Таласта да сактануу чараларын күчөтүүнү талап кылууда. Себеби өрөөндүн 15 жеринде буга чейин бул илдеттин очоктору көмүлгөн.

XS
SM
MD
LG