БИШКЕК. Өкмөт эл тарабынан коюлган маселелерди чечүүдө жетиштүү түрдө ыкчам иштей албай жатат. Өлкөдө орун алган курч маселелерди чечүү боюнча, алардын ичинде Жалалабад, Барскоон, Каракечедеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча өкмөттүн, тиешелүү министрликтер менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жасаган иштери анализделиниши керек. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 14-ноябрда президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда билдирди. Бакиевдин айтымында, учурда айрым министрликтерде кызматка кабыл алууда пара алуулар орун алып жатат. «Мындай адамдар жоопко тартылып, түрмөдө отурушу керек. Жетекчиликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча саясий эрки бар, мындай иш бардык жерде жүргүзүлүшү керек», - деди президент.