ЖАЛАЛАБАД. Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин Жалалабад облусунун администрациясынын алдында нааразылык акцияда турган туугандары Жогорку Кеңештин төрагасына жана акыйкатчыга кайрылуу жолдошту. Анда президентке, укук коргоо уюмдарына жиберген каттардан натыйжа чыкпагандыгы белгиленген. Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев менен акыйкатчыдан Баямандын өлүмүнө тиешелүү болгон жана анын атылышына шарт түзгөндөрдү таап-жазалоону талап кылышты. Карасуу базары менен “Алай” мейманканасына кол салган жана уюштурган кишилер менен митингчи аялдарды жоопко тартып, “Баяманды өлтүргөн адамдын атын тергөөгө билдирем” - деген өкмөт башчы Ф.Куловдун парламент трибунасынан депутатка ок аткан адамдын атын атоону өтүнүштү. Аталган базар менен мейманкана чатактары сот тарабынан бир тараптуу каралганын белгилешти. Менчиктерин тартып алып, жан сакчыларын каматкан кызматкерлерди тартипке чакыруу милдетин жүктөштү. Облбийлик алдында максаттарына жеткиче тура беришерин жана талаптары аткарылбаса, өз жандарын кыюуга даяр экендиктерин эскертишти.