БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин жана ага жакын адамдардын мүлкүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын материалдары прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 14-ноябрда башкы прокуратуранын кылмыштуулукка жана мыйзамсыз табылган каражаттарды легализациялоого каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынан билдиришти. Аталган мамлекеттик комиссиянын материалдарынын негизинде, жалпысынан 68 кылмыш иши ачылды. Алар боюнча жалпысынан 473 миллиондон ашуун сом мамлекетке зыян келтирилген. Бүгүнкү күндө ачылган кылмыш иштердин 25и сотко өткөрүлүп, 12си каралды, 13ү учурда каралууда. Алар боюнча мамлекетке келтирилген зыян 186 млн. сомду түзгөндүгү аныкталды. Бул иштерге байланыштуу тергөө учурунда 111 млн. сом жоопко тартылгандар тарабынан казынага төгүлдү. Ачылган 68 кылмыш иштин ичинен 27си экс-президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеп келген «Мээрим» эл аралык кайрымдуулук фондуна байланыштуу.