Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Ооганстандын жана Ирактын жетекчилери Венадагы Исламдык жыйынга катышат


Австриянын баш калаасында бүгүн кечинде ачылып жаткан Исламдын орду боюнча конференцияга чакырылгандардын арасында Ирандын мурдагы президенти Мохаммад Хаттами, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади жана Египеттин диний иштер министри Махмуд Закзук да бар.

"Плюралисттик дүйнөдөгү Ислам" деп аталган жыйын үч күнгө созулат жана анын максаты - мусулман жана мусулман эмес маданияттардын ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүктү бекемдөө болуп саналат.

Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады

XS
SM
MD
LG