15 киши "өкмөттү кулатууну максатында куралдуу козголоң уюштурган”, деп айыпталган эле. Бүгүнкү отурумдун башталышында башкы сот Бахтияр Жамолов темир тордун артында отургандарды диний экстремисттер деп мүнөздөдү:
– Акрамия диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү катары алар Өзбек Республикасынын учурдагы конституциялык тартибин кулатып, исламдык мамлекет – халифат курууну максат кылышкан. Ушул максатта алар куралдуу кылмыштуу топ түзүп, көптөгөн оор жана өтө оор кылмыштарды жасашкан.
Айыпталуучулар 14 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Укук коргоочулар айыпталуучулардын көрсөтмөлөрү кыйноо жолу менен алынганын айтышууда.