Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Ирактык аял Иордандагы жардырууга катышканын моюнга алды


Иордандын сыналгысынан чыккан Сажида ал-Ришави өзүнүн ысмын атап, Ирактын 1970-жылы туулган атуулу экенин, Рамади шаарында жашаарын айтты. Ришави Иорданга күйөөсү жана дагы эки киши менен келгенин, «Радисон» мейманканасында өтүп жаткан үйлөнүү үлпөтүндө күйөөсү өзүн жардырып жибергенин, бирок өзүндөгү жардыргыч механизм иштебей койгонун билдирди. Ришавинин кандай шартта көрсөтмө бергени белгисиз. Расмий өкүлдөр анын Иракта курман болгон ал-Каидачынын бир тууганы экендигин айтышууда. Өткөн аптада Иордандын үч мейманканасындагы катар-катар жардырууда 57 киши курман болгон эле.

XS
SM
MD
LG