Венада өтүп жаткан эл аралык конференцияда 2003-жылкы Нобель сыйлыгынын лаураеты, ирандык аял Ширин Ебади кээ бир мусулман өлкөлөр динге жамынып алып, аялдардын укугун басмырлап жатат, деп сындады. Бирок айрым мусулман мамлекеттери демократияны курууда кыйла ийгиликтерге жетишкенин Ебади белгилей өттү. Ирандын мурунку президенти Мохамад Хатами болсо лидерлерди сөздү абайлап, тандап сүйлөөгө чакырды. Австрия борборунда өтүп жаткан“Ислам плюралисттик дүйнөдө” деген эл аралык конференцияда мусулмандар менен башка элдердин карым-катнашы талкууланууда. Конференцияга Ооганстан, Ирактын президенттери, окумуштуулар, дин ишмерлери катышууда.