14-ноябрда Европа Биримдиги Өзбекстанга курал сатууга жана өлкөнүн 12 жогорку кызматкерине виза ачууга тыйуу салды. Бир жыл бою виза ачылбай тургандар катарында Өзбекстандын күч министрлери Закирдин Алматов, Кадыр Гуламов жана Рустам Иноятов бар. Биримдиктин өкүлүнүн сөзү боюнча, виза ачууга тыйуу салуу Анжиян окуясында ашыкча күч колдонууга түздөн-түз тиешеси барларга киргизилди. АКШнын мамлекеттик департаменти Анжиян окуясы боюнча Өзбекстандын Жогорку сотунун өкүмүн сынга алып, айыпталгандарды күнөөсү так далилденбегенин, ал эми сотту адилет жана чынчыл деп атоого болбосун белгиледи.