БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын тапшырмасы боюнча түзүлгөн жумушчу топ №8 Түндүк шайлоо округунун талапкерлеринин даттанууларында негиз жок деген тыянак чыгарды. Буга байланышкан маселени дүйшөмбү күнү БШКнын кезектеги отуруму карады. Аталган шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан Каракулов, Керимбеков, Отунбаева, Рустембеков аттуу талапкерлер Кудайбергенов аттуу дагы бир атаандашы үгүт иштеринде мыйзам бузуп жатат, ал эми округдук шайлоо комиссиясы талапкерлерге бирдей шарт түзбөй жатат деп эсептешип, талапкерди катардан чыгаруу, төраганы кызматтан четтетүү талабын коюшкан. Түндүк шайлоо округунда шайлоо 27-ноябрга белгиленген. Бул округдан шайланган депутат Жыргалбек Сурабалдиев Бишкек шаарында белгисиз адам тарабынан июнь айында атып өлтүрүлгөн.