БИШКЕК. Эл аралык валюта кору кыргыз өкмөтү менен биргелешип иштеп чыккан жакырчылыкты жою жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү программасынын сонку жылдары аткарылышын иликтеп чыкты. Натыйжада эл аралык валюта кору аталган программанын алкагында Кыргызстанга дагы 1 миллион 800 миң доллар бөлдү. Мындай акча Улуттук банктын эсебине келип түштү. Бул тууралуу Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов 15-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле Улан Сарбанов Кыргызстан менен Эл аралык корунун соңку бир нече жылдан бери кызматташуусу жемиштүү болду, деген оюн билдирди. Ага мисал катары Сарбанов өлкөдө макроэкономикалык абалдын туруктуу кармалышын, тышкы карыздардын ийгиликтүү түрдө реструктрузизацияланып жатышын келтирди.