Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Парламентти таратуу боюнча 300 минден ашуун атуулдун колу топтолду


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясы парламентти таратуу максатында Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй үч жүз миңден ашуун адамдын колун топтоп бүттү. Учурда топтолгон колдорду чогултуп, аларды кайрадан саноо жүрүүдө. Бул тууралуу аталган партия башчысы Топчубек Тургуналиев «Азаттыкка» 15-ноябрда билдирди. Ошондой эле Топчубек Тургуналиев ал жетектеген партия мүчөлөрү топтолгон колдорду декабрдын бешине чейин кайрадан текшерип, иреттеп Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра тургандыгын кошумчалады.

Парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев буга чейин журналистерге аталган партия үч жүз миң адамдын колун топтоп бүтсө, Баш мыйзамга ылайык, мамлекет башчы бул маселени референдумга алып чыгууга укугу бар экендигин билдирген.

XS
SM
MD
LG