Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Конституция долбоору жалпы элдик талкууга коюлду


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору бүткүл элдин талкуусуна коюлду. Буга байланышкан жардыкка президент Курманбек Бакиев 14-ноябрда кол койгон. Анда белгиленгенге караганда, буга чейин Конституциялык кеңешмеге саясатчылардан, жарандык коомдон, депутаттык фракциялардан, бирикмелерден көптөгөн ар кыл сунуштар келип түшкөн. Ушуларды эске алып, президент долбоорду элдик талкууга алып чыгуу чечимине келип, талкууга 15-декабрга чейинки мөөнөт белгиленди. Долбоорду президент Курманбек Бакиев жетектеген Конституциялык кеңешменин сунуштарына ылайык редакциялык топ иштеп чыкты. Мурда белгиленген макулдашууга караганда, элдик талкуунун тыянагы боюнча долбоор кайрадан каралып, акыркы үлгүсү парламенттин талкуусуна коюлушу керек. Бирок айрым саясатчылар Кыргызстандын конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун референдум аркылуу кабыл алууну жакташууда.

XS
SM
MD
LG