БИШКЕК. Кыргызстанда «Демократиялык күчтөрдүн биримдиги» аттуу жаңы саясий партия түзүлдү. Партиянын уюштуруу курултайы 27-ноябрда Бишкекте Улуттук драма театрында өткөрүлөт. Аталган партия белгилүү саясатчылар Кубатбек Байболов, Бакыт Бешимов жана башка саясатчылар, коомдук ишмерлер жана ишкерлер тарабынан уюштурулду. Байболовдун «Азаттыктын» кабарчысына берген маалыматы боюнча, партия колу, дили таза адамдардан түзүлдү жана өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан реформаларга жаңы радикалдуу дем берүүнү көздөөдө. «Партия учурдагы аткаруу бийлигине конструктивдүү сын айткан, белдүү саясий күч болууга аракеттенет», - деп кошумчалады Кубатбек Байболов. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 64 саясий партия каттоодон өттү.