Азербайжандын шайлоо комиссиясы 15-ноябрда дагы төрт шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечим жергиликтүү милиция добуш берүүгө кийлигишкенине байланыштуу кабыл алынганы кабарланды. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Низами округундагы шайлоонун жыйынтыгын токтокон эле. Бул округдардан бийликчил “Йени Азербайжан” партиясынын өкүлдөрү жеңди деп жарыяланган . Эми «Йени Азербайжан” парламенттеги 125 орундун 58 ээлеп калды. Азербайжан оппозициясы 6-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды деп, жаңыдан шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.