Бүгүн Француз парламентинин Сенаты өлкөдөгү чукул кырдаал абалын үч айга узартуу маселесин колго салат. Кечээ Өкүлдөр палатасы түнкү тополоңдорду токтотуу үчүн коменданттык саат киргизүү сунушун жактаган. Чукул кырдаал абалы өткөн жумада 12 күнгө гана жарыяланган. Полиция түнкү калабалар басаңдай баштаганын, өткөн түнү 159 автомобил өрттөлүп, 44 киши камакка алынганын маалымдады.