Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Парламент комитетинде өткөн жылдагы салык, бажы кызматтарындагы финансылык тартип бузуулар каралды


БИШКЕК. Өткөн жылдын 9 айында 170 финансылык тартип бузуулардан мамлекеттик бюджетке 130 млн. сом каражат түшпөй калган. Финансы полициясы тарабынан 43 кылмыш иши козголуп, келтирилген чыгымдан 92 млн. сом кайтарылган. Көпчүлүк финансылык тартип бузуулар салык төлөмдөрүн жашыруудан келип чыккан. Бул тууралуу өкмөт алдындагы финансы полициясы башкармалыгынын директору Касеин Токочбаев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда билдирген. Аталган комитеттин мүчөлөрү Финансы полициясындагы айрым кайталанма структураларын сынга алып, финансы, салык, бажы кызматтарында экономикалык тартип бузууларды жана кемчиликтерди жоюу багытындагы ишти күчөтүүнү талап кылышты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы 16-ноябрда таратты.

XS
SM
MD
LG