БИШКЕК. Бишкектеги “Айчүрөк” соода үйүнүн директору Жоржио Фиаккони 16-ноябрда өткөн маалымат жыйнынында башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши финансы полициясына өткөрүлүп берилгенин, ал иш аягына чыга электигин билдирди. Март ыңкылабынан кийин башкы прокуратура тарабынан “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн директору Жоржио Фиакконинин үстүнөн салык төлөмдөрүн жашырган, ири көлөмдөгү документтерди жасалма жол менен пайдаланган деген сыяктуу айып тагылып, кылмыш иши козголгон.
Фиаконинин айтымында, Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңеши менен “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн – “ЦУМ-Холдинг” ачык акционердик коомунун кеңешинин чечими менен “Айчүрөк” соода үйүнүн ачык акционердик коомунун жөнөкөй акциялары сынакка коюла турган болду. Ал иш чара жаңы инвестиция тартуу, компаниянын арымын кенейтүү аракетинде жасалууда. Ал эми компаниянын башкы менеджери Абдилла Арзыматов компания жакынкы 3 жыл ичинде 20 миллион долларга “Айчүрөк” соода үйүнүн маңдайына дагы 2 соода борборун курууну көздөп жатканын, ал жерде 3 миң адам жумуш менен камсыз боло тургандыгын билдирди.