Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:08

Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жакындары ЕККУга кайрылуу жолдошту


ЖАЛАЛАБАТ. 16-ноябрда Жалалабат облусунун бийлигинин алдында турган Баяман Эркинбаевдин туугандары Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кайрылуу кабыл алышты. Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин туугандары өз кайрылуусунда нааразы болгондордун кыргыз бийлигине койгон беш талабынын бири да аткарыла электигин билдиришти. Буга чейин президентке, Жогорку Кеңеш менен Акыйкатчыга, Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык уюмдарга жолдогон каттарына жооп болбогондуктарын маалымдашты. Алар белгилегендей, Баяман Эркинбаевди аткан жана аны өлтүрүүгө, жан сакчыларын камоого, менчиктерин тартып алууга буйрук берген адамдар табылып, жоопко тартылуусу керек. Ошондой эле маалымат каражаттарында Баяман Эркинбаевдин март ыңкылабына кошкон салымдары, бей-бечара, жетим-жесир жана кыргыз элине жасаган жакшылыктары тууралуу айтылбастан, бир тараптуу каралоочу макалалар берилип жатат. Баяман Эркинбаевдин туугандары 8-ноябрдан бери Жалалабат облустук бийлигинин алдында боз үй тигип, нааразылыгын улантууда.

XS
SM
MD
LG