Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Беловодскидеги №16 түзөтүү колониясында атайын операция жүрдү


БИШКЕК. Юстиция министрлигине караштуу жаза өтөө мекемелер башкы башкармалыгы 16-ноябрда Беловодскидеги №16 түзөтүү колониясында атайын операция жүргүздү жана ал өзгөчө каршылыксыз аяктады. Бул тууралуу юстиция министри Марат Кайыпов билдирди. Жаза өтөө мекемесинин маалыматына караганда, башкы башкармалыктын башчысы Капар Мукеев жетектеген бул операция учурунда колго жасалган бир катар тыюу салынган куралдар алынды, мекеме тартибине баш ийбеген бир катар жаза өтөөчүлөр башка колонияга которулду.

Юстиция министрлиги түзөтүү колонияларына атайын операцияларды депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланышкан окуядан кийин баштаган. Адегенде окуя болгон №31 колонияга жасалган атайын операция учурунда каршылык көрсөтүү болгон. Колониядан ок атуучу жана башка куралдардын чоң өлчөмү табылган. Азиз Батукаев баштаган бир катар жаза өтөп жаткан адамдар коопсуздук кызматынын тергөө изоляторуна которулган. Министрдин айтымында, мындай тинтүүлөр ырааттуу түрдө бардык түрмөлөрдө жасалат. Бул жаза өтөө мекемелерин иретке келтирүү максатын көздөйт. Акыркы үч жылдан бери мындай чаралар жасалган эмес, деп билдирди министр Кайыпов.

XS
SM
MD
LG